www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан чек арадагы айылдарды тез арада калыбына келтирүү, ошондой эле жарандардын жашоо-турмушу, уюмдар, мекемелер жана ишканалар үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча жардам көрсөтүү максатында, Конституциянын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
— төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Өкмөткө бекитүүгө киргизсин:
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Кыргызстандын жарандарынын жана юридикалык жактардын, анын ичинде Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин менчигине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча тартиптин долбоорун;
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин катышуусу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон чыр-чатак убагында жабыр тарткан жарандардын, курман болгон, дайынсыз жоголгон, дене-боюнан жаракат алган, турак жайынан айрылган, укукту күбөлөндүргөн жана укукту белгилеген документтерин жоготкон адамдардын тизмесин түзсүн.
— жарандардын жана уюмдардын ыктыярдуу которууларынан келип түшүп жаткан каражаттарды топтоо боюнча атайын эсепти ачуу;
— курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга бир жолку материалдык жардам берүүнүн мүмкүндүгү тууралуу маселени карап чыгуу;
— жабыр тарткан жарандарга кийин жаңы турак үйлөрдү курууну камсыз кылуу менен убактылуу турак жай берүү, ошондой эле өзүнүн турак жайын калыбына келтирүүгө тартылган адамдарга аткарган иштерине акы төлөө;
— биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз берүүнү, суу жана энергия менен жабдууну камсыз кылуу;
— талкаланган чек ара тозотторун жана пункттарын, күч түзүмдөрүнүн объекттерин жана социалдык объекттерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү;
— зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн зарыл каражаттарды Кыргызстандын республикалык бюджетинде кароо;
— «КР 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү;
— жабыр тарткан калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн экономикалык иштин субъекттерин салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу, пайыздар, финансылык санкциялар боюнча салыктык карыздарды жоюу жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү;
— жабыр тарткан калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн экономикалык иштин субъекттерине төмөнкүлөрдү берүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыгуу:
төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылбастан (банктык кепилдикти, күрөөнү жана кепилдик берүүчүнү талап кылбастан) жана мөөнөтүн узарткандыгы жана/же мөөнөтүн жылдыргандыгы үчүн пайыздарды албастан салык карыздарынын жана бажы төлөмдөрүн, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздардын суммаларына карата мөөнөтүн узартуу/же мөөнөтүн жылдыруу;
жабыр тарткан экономикалык иштин субъекттерине салыктар жана социалдык төгүмдөр боюнча отчет берүүнүн мөөнөтүн 6 айлык мөөнөткө чейин узартуу.
— жабыр тарткан ишкердик субъекттерине жеңилдетилген кредиттик линияны ачуу тууралуу;
— жабыр тарткан ишкердик субъекттери жана жарандар финансылык-кредиттик уюмдардан алган кредиттерди тындырууга көмөк көрсөтүүнүн мүмкүндүгү тууралуу.
— социалдык төлөмдөрдү (пенсияларды, жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды) дайындоо үчүн зарыл маалымкаттарды;
— объекттерди долбоорлоо, калыбына келтирүү жана куруу маселелерин ыкчам чечүү үчүн маалыматтык материалдарды, схемаларды, карталарды, пландарды, инженердик-геологиялык маалыматтарды;
— архитектуралык-пландаштыруу шарттары, техникалык көзөмөл, долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү.
— жабыр тарткан жарандарга социалдык төлөмдөрдү (жөлөкпулдарды, пенсияларды, компенсацияларды) өз убагында төлөөнү камсыз кылсын;
— жабыр тарткан жарандарды СОVID-19 коронавирустук инфекциясынан эмдөөнү артыкчылыктуу тартипте жүргүзсүн;
— жабыр тарткан кыргыз жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жактан тейлесин жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздасын;
— саламаттык сактоонун стационардык уюмдарында баштапкы жана кайталап дарыланууга жатканда жабыр тарткан жарандарды бир жыл бою кошо төлөөдөн бошотсун;
— жабыр тарткан аймактардагы саламаттык сактоо уюмдарын биринчи кезекте каржылоону камсыз кылсын;
— жабыр тарткан жарандардын балдарын балдар лагерлерине жана пансионаттарга жөнөтүү жолу менен реабилитациялоону уюштурсун;
— зарыл болсо жабыр тарткан жарандардын арасынан улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, жетим балдарды жана турмуштук оор кырдаалда болгон балдарды балдар мекемелерине жана социалдык стационардык мекемелерге жолдосун;
— жабыр тарткан жарандарга консультациялык-психологиялык жардам көрсөтсүн;
— зарыл болсо жабыр тарткан жарандарды майыптуулукту аныктоо үчүн күбөлөндүрүүнү жүргүзсүн, ошондой эле жабыр тарткан жарандарды социалдык-медициналык реабилитациялоону уюштурсун;
— инфекциялардын чыгып кетүүсүн болтурбоо үчүн жабыр тарткан аймактарда жугуштуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү боюнча чараларды күчөтсүн;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте объекттерди калыбына келтирүү жана куруу үчүн жумушсуз жарандарды тартуу менен акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурсун.
Булак: NazarNews.kg