www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы институту пайда болот

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасады. Анын жүрүшүндө өлкө башчысы Мамлекеттик катчы институту ишке кирерин айтты.

«Үй-бүлө — коомдун негизи. Өлкөнү өзгөртүүнү үй-бүлөдөн баштообуз зарыл. Салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдеп, нарктуулугубузду сактап калуубуз керек. Ааламдашуунун шарттарында өз жүзүбүздү сактап калуу эң маанилүү милдеттерибиздин бири. Ушуга байланыштуу дагы бир маанилүү кадам жасап, Конституцияга ушул маселелер менен да алектене турган Мамлекеттик катчы институтун атайын киргиздик.

Биз улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра идентификациялоо — улуттук кайра жаралуу процесси, кыргыз диаспоралары менен өз ара байланышуу маселелерин өзүнчө блокко камтыйбыз.

Бул багытта мамлекеттик катчы иш алып барат.

Анын иш-милдеттерине идеология, таалим-тарбия, жарандык коом менен өз ара кызматташуу, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маселелери кирет», - деди Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости