www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чек ара маселесин чечпесек Тажикстан айылдарга эмес райондорго кирип келет”, - деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, эксперт-конфликтолог Зайырбек Эргешов,

--“Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 976 чакырым, анын 500 чакырымы чечилген, калганы чечилип делимитация, демаркация иштери аяктай элек. Ушул чек аранын чечилбей келе жаткан жерлерин эки тараптын паритеттик комиссиясы биргелешип чечиши керек. Эгер алар чечилбесе, дагы куралдуу кагылышуулар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Албетте, эки тарап тең муну мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктын негизинде чечет. Бирок акыры ал чечилиши зарыл. Антпесе, кечээги окуяларда тажик тарап чек арадагы айылдарды гана эмес, толугу менен бир райондорго кирип келип, эл аралык укук ченемдерине, мамлекеттер аралык кол коюлган келишимдерге, адам укуктары боюнча келишимдерге, ар бир мамлекеттин чек арасы ыйык жана кол тийбестигине карабай турганын көрдүк”, - дейт серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости