www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде шайлоо болуп өттү

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады. 5 августта саат 20.00гө, шайлоо участкаларынын жабылуу убактысына карата 2882 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 43,62 пайызын түзөт. Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 6607 шайлоочу киргизилген. Добуш берүү 5 участкада өттү (21 мандаттык айылдык кенеш).

Добуш берүү бүтүшү менен бардык байкоочулар добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча автоматтык үкөктөрдүн отчетун колдоруна ала алышат, ушул эле отчеттор автоматтык режимде “http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do” сайтына жөнөтүлөт, жана участкалар, шаарлар, айылдык аймактар боюнча бөлүнүп ачык жеткиликтүү көрүүгө мүмкүн. Ошондой эле, байкоочуларга участкадагы шайлоочуларды идентификациялоо боюнча отчет да берилет.

Бардык участкаларда добуштарды кол менен эсептөө башталды. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 36-беренеси).

Добуштарды кол менен эсептөө бүткөндөн кийин, кол менен эсептөөнүн протоколунун көчүрмөсү бардык байкоочуларга берилет, протоколдун өзү сканерленип, графикалык көчүрмө катары (идентификация боюнча отчет менен бирге) шайлоо сайтына жөнөтүлөт, кол менен эсептөөнүн маалыматтары шаарлардагы жана райондордогу  аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилгенден кийин сайтка жайгаштырылат.

Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык топтун маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жүрүшүндө арыздар жана даттануулар келип түшкөн жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости