www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде шайлоочулардын 6,3 пайызы добуш берди

Баткен облусунда күндүн биринчи жарымында, саат 10го чейин 17 796 шайлоочу добуш берди. Жалпы шайлоочулардын саны - 284 265.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча Баткен районунда 2127, Баткен шаарында 688, Кадамжай районунда 7192, Кызыл-Кыя шаарында 2303, Лейлек районунда 4691, Сүлүктү шаарында 795 киши добушканаларга барышкан.

Парламенттик шайлоо күнү Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Он шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости