www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин Кадамжай районунда жол кырсыгына себеп болгон айдоочу ыкчам түрдө аныкталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын  басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 20-майда саат 06:30 чамасында Ош - Баткен - Раззаков унаа жолунун 188-чакырымында катталды. Анда Өзбекстандын 1979-жылы туулган Б.Г. аттуу жараны скутер менен келе жатканда аны ошол эле багытта келе жаткан 1990-жылы туулган А.А. аттуу жаран Мерседес-Бенц 312 Спринтер үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен скутерчен жаран окуя болгон жерде каза болуп, айдоочу изин жашырып кетти.

Бул факт каттоого алынып, айдоочууну аныктоо иштери башталды. Натыйжада шектүү унаасы менен ээн талаада жашырынып отурган жеринен кармалды. Тергөө уланууда.


 

Последние новости