www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде массалык уулануу катталды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда тойдон адамдар массалык түрдө ууланды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

250 адам катышкан той кечээ күнү өткөн. 31-илда, саат 19:30га карата уулангандардын саны 58 адамга жеткен. Алардын ичинен төрт аял жана эки бала (6-2 жашта) ооруканага түшкөн. Балдар Кадамжайдагы оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Абалдары орточо оор.

Алгачкы жабырлануучулар (48 адам) медициналык жардамга кечээ кечинде кайрылышкан. Алардын дене табы көтөрүлүп, алсырап, ичи өткөн.

“Сурамжылоо учурунда жабыркагандар эттен жана салаттардан башкача жыт чыгып турганын билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда кафеге санитардык-эпидемиологиялык текшерүү иштери жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости