www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 15 жаштагы кызды зордуктоого жана өлтүрүүгө шектелип жаткан адамды "сотсуз жазалоого" жол бербөө үчүн Жетысу облусундагы Шолакай айылына полициянын атайын даярдыктагы күчтөрү тартылды. Бул тууралуу жергиликтүү "Время" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, күч түзүм кызматкерлери шектүүнүн үйүн жана айылдын кире беришин күзөтүүдө.

"Азаттыктын" казак кызматы айылда интернет өчүрүлгөнүн кабарлады. Тургундардын айтымында, шектүү уйгур улутунан, жабырлануучу тарап казактар.

15 жаштагы мектеп окуучусу Куралай Кисабекованын жоголгону тууралуу билдирүү 21-июль күнү кечинде пайда болуп, издөө иштерине полиция кызматкерлери менен айыл тургундары тартылган. Кыздын сөөгү айылдын четинен табылган.

29-июлда полиция мектеп окуучусун зордуктоого жана өлтүрүүгө шектүүнү кармаган. "Время" басылмасынын маалыматына караганда, 38 жаштагы жергиликтүү тургун кызды зордуктаганын жана өлтүргөнүн мойнуна алды. Тергөөнүн кабарлашынча, шектүү кыздын сөөгүн өрттөп, айылдын четине барып көмүп салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости