www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын газын рубль менен сатууну РФ президентинин жардамчысы Максим Орешкин сунуштаган. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.
Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл март айында Евробиримдик өлкөлөрү жана РФке каршы чектөө чараларын киргизген мамлекеттер газ үчүн рубль менен төлөй турганын билдирген. Андан кийин тиешелүү жарлыкка кол коюп, 1-апрелден баштап ал күчүнө кирген.
Агенттик ишенимдүү маалымат булагына таянып, Орешкин газды рубль менен сатуу идеясынын автору экенин белгилеген. Президенттин жардамчысы агенттикке бул боюнча комментарий берген эмес, бирок мындай схемага оң баа бере турганын айткан.
Мындан сырткары, Орешкиндин орусиялык банктарды SWIFT эл аралык банктар аралык тутумунан ажыратуунун кесепеттерин алдын алуу боюнча пландарды иштеп чыгууга катышканы жазылган.
Булак: NazarNews.kg