www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Украинадан эгин ташыган биринчи кеме эртең жолго чыга аларын айтты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Калын жеке менчик бир телеканалда күн тартипке байланыштуу баа берүүлөрдү жасады.

Ибрахим Калын Украинадан эгин ташый турган кеме жөнүндө, «Сүйлөшүүлөр уланууда. Эртең эртең менен биринчи кеме жөнөйт окшойт. Одесса портунан кемелердин чыгышы үчүн белгилүү этапка жеткенин белгилеген Калын: «Кемелерге жүк жүктөлдү. Баары даяр. Кичинекей кемчиликтери бар. Биринчи кеме эртең эртең менен чыга алат», - деп айтты.

Украин эгинин ташыган кемелердин Түркиянын аймактык сууларына 3-августта жетиши күтүлүүдө. Жүк Стамбулда түзүлгөн Биргелешкен координациялык борбордон башкарылат.

Кемелер жолго чыккандан баштап спутник, интернет жана башка байланыш элементтери аркылуу байкоого алынат. Текшерүү топтору тиешелүү жерлерге дайындалат. Бош же жүгү дан эмес кемелерге Украинанын портторунан чыгууга тыюу салынат.

Сигналдарын өчүргөн жана ачык маалымат бербеген кемелер да Түркиянын аймактык сууларына киргизилбейт.

Последние новости