www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде төрт конуштун тургундары эвакуацияланды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаевдин айтымында, жаңжалга байланыштуу чек ара аймактарынан 100гө жакын адам эвакуацияланган. Алар Баткен шаарындагы мектепке жайгаштырылган.

 Самаркандек айыл аймагында төрт конуштун тургундары эвакуацияланды – бардыгы Рават айылына келишти. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатат. Баары тынч болоор замат тургундар үйлөрүнө кайтып келишет», - деди ал.

 Ошондой эле Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода менен жолугушканы кабарланды. Тараптар Баткен облусундагы атышууга байланыштуу чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштардын калкы арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселесин талкуулашты.

 Ошондой эле Баткен району менен Исфара районунун жетекчилигинин жолугушуусу болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости