www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус тарап кыргыз-тажик чек арасындагы 14-сентябрь күнү эртең менен чек арачылардын жаңжалынан улам кайра курчуп кеткен кырдаалга кылдат байкоо салууда. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын аталган министрликтин сайтында жарыяланган комментарийинде айтылат.

«Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерди эске алуу менен биз эки тарапты тең кырдаалды саясий-дипломатиялык талаага кайтаруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө жана ар кандай чагымчылдыкты биргелешип токтотууга чакырабыз.

Биз Россиянын чек араны демаркациялоо боюнча бай тажрыйбасын, анын ичинде Борбордук Азиядагы коңшулар менен болгон чек ара маселелерин колдонуу менен тараптарга узак мөөнөттүү өз ара алгылыктуу чечимге келүүгө көмөктөшүүгө даяр экенибизди билдиребиз», — деп айтылат Захарованын билдирүүсүндө.

Бүгүн, 14-сентябрда Баткендин Булак-Башы аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, андан кыргыз тараптан эки жоокер жабыркаганы айтылган. УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, ок атууну Тажикстандын чек арачылары баштаган. Андан кийин коңшу мамлекеттин чек арачылары Баткен районунун Как-Сай аймагында Тажикстандын Чек ара кызматкерлери "Достук" чек ара заставасында турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгарышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости