www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын 1964-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз жаран анын үйүнүн эшигинин кулпусун бузуп кирип, базар баасы 20 000 сомду түзгөн телевизорун уурдап кеткендигин билдирген. Мындан сырткары Чек-Булак кварталынын тургунунун үйүнөн электро муравей уурдалгандыгы боюнча дагы арыз түшкөн.

Аталган фактылар Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Баткен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Баткен районунун 42 жаштагы тургуну Ы.А. аныкталган, бирок ал сот иштеринен качып изин жашыргандыктан, бул шектүүгө издөө иши ачылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө ал Ош шаарынан кармалып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости