www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук шахмат академиясы түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана жайылтуунун комплекстүү Улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде улуттук шахмат академиясын түзүү маселеси талкууланды. 

МинКаб Төрагасынын орун басары шахматты мектептик билим берүү системасына интеграциялоонун натыйжалуулугун эл аралык тажрыйба тастыктап жатканын айтып, өлкөдө шахматты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Отурумдун жыйынтыгында ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнө 2026-жылдын 1-августуна чейин 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана кеңири жайылтуунун улуттук комплекстүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.

Последние новости