www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде жараат алгандардын үчөө реанимациядан чыга элек

Баткендеги чек ара окуясында жараат алып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жаткан бейтаптардын үчөө реанимацияда, алардын абалы оор. Бул тууралуу 11-майда «Азаттык» радиосуна оорукананын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан бул борбордо Баткенден жеткирилген 36 адам дарыланып жаткан, алардын тогузу бүгүн аскердик госпиталга которулду, экөө үйүнө чыкты.

Өкмөттүн соңку маалыматына караганда, чек ара окуясында 154 адам жараат алган, алардын 57си Бишкектеги үч ооруканага жаткырылган.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду.

Буга чейинки маалыматтарда жараат алгандар 180ден ашуун экени айтылган. Жарадар болгондордун 36сы Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, 12си Улуттук хирургия борборуна жана тогузу Улуттук госпиталга жаткырылган.

Тажик тараптан 19 адам каза болуп, 87си жараат алганы расмий жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости