www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала качуу жолу менен баш кошкондордун 70 пайызы ыркы жок турмуш өткөрөт. Мындай пикирди "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова айтты.  

-"Ала качуу маселесине укук коргоо органдарынын мындай көз карашы туура эмес. Бул жерде бир нече кылмыш аракеттери болуп жатат. Биринчиден, адам укугуна доо кетирип, уурдап жатышат. Экинчиден күч колдонуп, коркутуп, психологиялык басым жасап, адамдын өз эрки менен үй-бүлө куруу укугун бузушат. Бул Конституциянын эң башкы статьяларында адам эркиндиги кол тийгис деп жазылып турбайбы! Ошондуктан бул кылмышты "адам уурдоо" деген менен тең карап, өзгөчө мамиле кылуу зарыл!

Ала качуу менен баш кошкон үй-бүлөлөрдүн дээрлик 70 пайызы ыркы жок турмуш өткөрөөрүн иликтөөлөр тастыктап турат. Биздин "Сезим" кризисттик борборуна арызданып кайрылган аялдардын 25-30 пайызы күйөөсүн үйлөнгөнгө чейин такыр көрбөгөндөр", - дейт укук коргоочу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости