www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен районунун Кыштут айыл аймагында 2018-жылдын 18-апрель күнү саат 23:20 чамасында Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан көлөмү 45000 м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу маалыматты КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Натыйжада жер көчкү Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын 130 метр аралыгын, тоонун башында жайгашкан Мегаком, Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу ички чарбалык жолдун 150 метр аралыгын жана 7 га айдоо жерди басып калган.
Жолду тазалоо үчүн айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч жана №2 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.
22-апрель күнү тартылган күчтөрдүн жардамында Мегаком жана Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу ички чарбалык жолдун 40 метр аралыгы тазаланды, (жалпы 70 метр ички чарбалык жол тазаланган). Мындан сырткары сугат суу менен камсыз кылуучу каналды калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлгөн. Ошондой эле КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 1800 л күйүүчү май бөлүнүп берилген. Иш-чаралар 23-апрелде улантылат.
Булак: NazarNews.kg