www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде жер титиреди

5-август күнү, саат 14:18де күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалымат кызматы билдирди.

 Анын очогу Баткен шаарынан 17 чакырым аралыкта тоолордо катталды.

Жер титирөөнүн күчү эл жашаган Кара-Бак, Чок-Талаа, Газнефт, Жаңы-Жер айылдарында беш баллды, Баткен шаарында 4,5 баллды, Бужум, Боз-Адыр айылдарында төрт баллды, Айдаркен, Кара-Булакта 3,5 баллды түздү.

Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости