www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы институтунун Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жарандардын укуктарын коргоо жана кыйноолордун алдын алуу максатында аймактагы убактылуу кармоочу жайларга жана тергөө абагына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда УКМКнын тергөө изоляторунда 6 жаран, ал эми Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында 10 киши кармалууда. Алардан кармоо шарттарына жана кызматкерлердин мамилесине карата даттануулар түшкөн жок. Бир айыпталуучу Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринен анын соттук отурумуна байкоочу катары катышууну өтүндү.
Ал эми Лейлек жана Кадамжай райондук милицияларынын изоляторлорунда абал талапка жооп бербейт. Лейлек райондук милициясынын имараты 1984-жылы курулуп, учурда авариялык абалда. Кармалгандарга эскилиги жеткен жууркан-төшөк, идиш-аяк берилген. Эки райондун тең изоляторлорунда медициналык жайлар керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган эмес, бул ички тартип эрежелерин бузууга жатат.
"Лейлек жана Кадамжай РИИБдеринде Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө кармалгандардын өздүк иштери менен таанышууга уруксат берилген жок. Бул аракет "КР Акыйкатчысы жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 10, 20 жана 21-беренелерин одоно бузуу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине атайын көңүл буруу актысы жөнөтүлдү. Акыйкатчы институту эркиндигинен ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын көзөмөлдөөнү улантат.