www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги балтайган коррупция

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Б.Э.Ю. жана П.К. экспорттолуучу товарларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзүп бергенин аныкталды. Алар көмүр экспорттогон ишканаларга кымбат баадагы көмүрдү "арзан" деп сыпаттаган сертификат берип турган. Бул кызматы үчүн ал ишканалардан акчалай сыйлык алышкан.

Мындан тышкары, Б.Э.Ю. жана П.К. Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнүн чыныгы кирешеси азайтылып көрсөтүлүп, ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрү бюджетке түшпөй келгени жазылган.
Импорттук жана экспорттук товарлардын шайкештик сертификаттарын берүүчү ишканалар - Сертификат Класс, Сертификат плюс, Сертификат Транс, Южный Техосмотр Плюс, Южный Испытательный Центр, Калибровка Плюс, Южный Техосмотр, Эксперт Текст Плюс, Сертификат Экспресс, Стандарт Гарант - негизинен шектүү П.К.нын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык компаниялар болгон. Шектүү өзү бул ишканалардын негиздөөчүсү же директору болуп катталган.

 П.К.нын үйүндө жана ага караштуу фирмалар жайгашкан үч даректе тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү документтер, 28 миң АКШ доллары, 1 миллион 997 миң сом, 99 миң рубль, кыймылсыз мүлктөрдүн документтери жана көптөгөн мөөрлөр алынган. Учурда бул иштин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо үчүн тергөө иш-чараларын жүргүзүүлүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости