www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги чек ара чыры, ошондой эле оор жоготуулар экономикага зыян келтирди. Бирок эң өкүнүчтүүсү — адам өлүмүнө дагы алып келди. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон адамдардын үй-бүлөсүнө жана жаракат алгандарга кенемте төлөп берет.

«Бюджеттик резервден 47,8 млн сом каралган, анын ичинен 36 млн сом каза болгондордун үй-бүлөсүнө берилет, ар бир үй-бүлөгө 1 млн сомдон каралган. Оор жаракат алгандарга 100 миң сомдон, жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон берилет», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости