www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин мэриясы борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаздын Эски аянтта окулушун чектөөнү сунуштады. Бул туурасында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.
Анын айтымына караганда, эпидемиологиялык абал учурда кыйын болуп турат, андыктан жума намазды да мечиттерде чогулуп окууга тыюу салуу сунушу бар. Рыскулбекова жалпысынан эле эл көп санда чогулган иш-чараларга абал турукташмайын чектөө коюу керектигин билдирди. Акыркы статистиканы эске салсак, Бишкекте 195 адамдан коронавирус чыкты.
Эске салсак, буга чейин муфтият Орозо айт 13-майга туш келерин айтып, адаттагыдай айт намаздын Эски аянттан окулар-окулбасын так билдирген эмес.
Булак: NazarNews.kg