www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын банк системасы глобалдык экономикалык тоскоолдуктарга карабай стабилдүү иштеди, буга кызматкерлердин өз ишине берилгендиги түрткү болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылды.

Ошону менен бирге өлкө башчы банкирлердин алдында жаңы милдеттер турганын айтты.

«Дүйнөдө финансылык технологиялардын динамикалык өнүгүшүн эске алуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип инфраструктурасын өнүктүрүүнү, инновациялык банк операцияларын жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү керек. Экономикалык активдүүлүктү тез арада калыбына келтирүү максатында жеңилдетилген каржылоо ишке ашышы зарыл», - деди президент.

Сөзүнүн аягында Жапаров банк кызматкерлерине ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгилик каалады.

Эске салсак, 10-май - Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 2003-жылы өкмөттүн токтому менен негизделген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости