www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда жабыркаган жарандардын дагы бирөөсү каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, каза болгон жаран Максат айылынын 1960-жылы туулган тургуну. Бул тууралуу маалымат брифинг учурунда келип түшкөн. Жалпысынан жаңжалдын кесепетинен 35 кыргызстандык каза болду.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында чыр 28-апрелде башталган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлгөн. Тараптар ок атышпоо жана аскерлерди чек аорадан чыгарып кетүүнү1-майда гана макулдашышкан.
Медициналык жардамга 183 кыргызстандык кайрылган, алардын ичинен 35 адам каза болду. 33 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кыргыз айылдарында 78 үй, эки мектеп жана башка объектилер кыйраган. Чек ара заставалары жабыркаган.
Бүгүн, 3-майда Баткен облусунда, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.
Булак: NazarNews.kg