www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орто-Азиянын эли өзүбүз аз болсок, бири-бирибизге кол салганыбыз туура эмес. Мындай пикирди Казакстандын белгилүү ишкери Маргулан Сейсембаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Анда ал, кыргыз-тажик элинин ортосундагы окуяга казак калкы тынчсызданып, кабатыр болуп жатканын айтты. Ошондой эле эки бир тууган элди ынтымакка чакырган. 

--"Ушул күндөрдө орун алган Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаман окуя көңүлгө оор тийди. Эки эл тең казактар калкынын бир тууганы. Жалпы Казакстан эли кабатырланып жатабыз. Орто-Азиянын эли өзүбүз ансыз дагы аз элебиз. Бири-бирибизге кол салганыбыз туура эмес. Болушунча баарыбыз биригип, достук, карым-катышты бекемдешибиз зарыл. Чындыгына келгенде, биз баарыбыз биргеликте алдыга өнүгүүгө бет алганыбыз туура. Бирдиктүү базар экономикасын курушубуз керек. Орто-Азиядагы бардык эл бириксек гана убагы келгенде экономикалык кыйынчылыктан оңой чыгып, Орто-Азиялык Альянска айланаар элек. 

Эки эл тең Казакстан менен бир тууган. Тарыхыбыз, каада-салтыбыз дагы бир. Ынтымагыбызды арттыруунун ордуна ушундай чыр болуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Биз экөөнө тең жамандык каалабайбыз. Мындан кийин ынтымакка келип, бири-бирине ишенип, чек араларын ачып, кадимки жашоого кайтаар. Болбосо кыйналып, бири-бирине кол салуудан жапа чегүүнүн кереги жок.

Достор, бир туугандар дүйнөдө тынчтык болушун каалайм! Кыргызстан жана Тажикстан мен үчүн жөн эле мамлекет эмес, улуу мамлекет. Булар менин досум жана бир тууганым. Урматтуу кыргыз-тажик эли сиздерди сыйлайм жана жакшы көрөм", - дейт ишкер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости