www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара чырында тажик тараптан каза болгондордун аты аталды

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал башталгандан 4 күн өткөнүнө карабастан, Тажикстан расмий түрдө каза болгондордун жана жаракат алгандардын санын, аты-жөнүн жарыялай элек. Тажик басылмалары жаңжалдан 16 адам каза болгонун жана алардын аты-жөнүн жазган.

Чек ара жаңжалында каза болгон Тажикстандын 16 жаранынын тизмеси:

  1. Мехрузиддини Мухриддин (Болтаев) - 26 жаштагы офицер, Исфарадагы чек ара аскерлеринин дарыгери.
  2. Мухаммадулло Ражабализода, Тажикстандын Ички иштер министрлигинин 26 жаштагы кызматкери;
  3. Жасуржон Сүйөркулов, чек арачы, Деваштич районундагы Калачай Азими айылынын 28 жаштагы тургуну;
  4. Хасан Акбаров, чек арачы, Фархор районунун Аловуддин айылынын 31 жаштагы тургуну;
  5. Салохиддин Гадоев, 28 жашта, Матчин районундагы чек ара заставасынын командири;
  6. Шерали Рахматзода, Исфара чек ара тозотунун жоокери;
  7. Сафар Набиев, Исфарадагы чек ара заставасынын жоокери;
  8. Некруз Гафуров, чек арачы, Турсунзаде шаарындагы Каратаг жамаатынын Дахбед айылынын тургуну.
  9. Бахтовар Махмудов, Исфара, Сурх жамаатынын найман айылынын тургуну;
  10. Умеджон Юсуфов, Гафуров району, Овчи-Калъача Бобожон жамаатынын тургуну;
  11. Хикматулло ​​Махкамов, 26 жашта, Чоркух жамаатынын тургуну;
  12. Иброхим Хошимзода, 26 жашта, Чоркух жамаатынын Навобод махалласынын тургуну;
  13. Собир Ваххобов, 51 жашта, Чоркух жамаатынын тургуну;
  14. Манучехр Каландаров, 40 жашта, Чоркух жамаатынын тургуну;
  15. Далер Эшонов, 33 жашта, Чоркух жамаатынын тургуну;
  16. Хусейнжон Шаропов, Чоркух жамаатынын тургуну.

Башка курмандыктар жөнүндө маалыматтарды издөө жана текшерүү уланууда.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткан жана бул статистиканы күч органдарынан сурап алууну сунуштаган.

Ал эми Кыргыз өлкөсүндө чек ара жаңжалы учурунда 178 Кыргыз жараны жаракат алып, анын 35и каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости