www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс Кулов кыргыз эли үчүн кандай кыянаттыктарды кылган? Кыргыз элине тиешелүү курал–жарактар капчык толтуруу максатында Орусия, Кытай, Тажикстанга чыркырап кеткен. Кулов тарабынан Орусия Федерациясына сатылган 9 аскердик учак, 12 вертолеттон түшкөн миллиондор кайда житип жок болду? «Фрунзе -1» аскер шаарчасын, авиаполкту, ошол кездеги көшөгөнүн артында жашынып турган Куловдук «Тосор» фирмасын кайда жашырабыз?

Кытайга 5 учакты сатып, эски учактардын ордуна алар 3 жаңы ТУ-154 берерин дүң кылган, ошол учактар Кулов аркылуу аты-жыты чыкпай жок болду? Эмне кыргыз элинин сурап алары жок бекен? Эртели–кеч чыгат да...

1993-жылдын 7-майында вице–президент Кулов 150 Калашников автоматын Тажикстанга сатканы белгилүү болот. Муну бекемдеген документтер булар: президент Акаевдин № 180 (29.05.92) Жарлыгынын негизинде, вице-президент катары Феликс Кулов «Канат» долбоору аркылуу аскер куралдарын сатуу  боюнча  № 80 (2.06.92) буйрук чыгарат. Ал эми ушул жылдын 30-сентябрында вице-президент Феликс Кулов Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Үмөталиевке № 2-1272 буйрукту жөнөтөт: «Тажикстандын өкмөтүнүн Кайрылуусуна байланыштуу, иштерман «Канат» долбоорундагы жоболорду жетекчиликке алып Тажикстан Республикасына төмөндөгү куралдарды жана техниканы даярдоону уюштурууңузду суранам:

Т-72 танкынан – 2 (экини);

БМП –12 (он экини);

БТР-70 –2 (экини), бардыгы мурун колдонулгандардан;

АКМ-7 62 автоматтарынан -150 (жүз элүүнү);

Ар бир автоматка 4 комплекттен ок (180 000)

Мунун бардыгы келишим баалар менен сатылат».

Ушул буйруктун негизинде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары генерал Субанов резолюция жазат. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Башкармалыгынын начальниги полковник Шубанов Тажикстанга 150 автомат, 180 000 ок жөнөткөн. Резолюция боюнча ар бир автоматтын баасы 56 миң рубль, ар бир октун баасы 2 рубль болгон. Бардыгын эсептегенде 11 406 330 рубль болуп, бул ишти бүтүрүү  Куловдун сүйүктүү «Алекс» фирмасына тапшырылат.

Курал-жарак сатуу өкмөттүн компетенциясына кирип, Хельсинки Келишими боюнча курал-жарак сатууга тыюу салынганын уруп ойнобой,  Кулов өзү түзгөн «Канат» долбоорунун негизинде кыргыз элине тиешелүү курал-жарактарды туш тарапка сатып, миллиондорго маарыган.

Андан тышкары, Куловдун айынан Кыргызстан Орусияга эмне үчүн 238 млн карыз болуп калган? Муну Кулов тактап алса болмок. 238 млнго Орусиядан Кыргызстанга металл келип түшүп, Куловдун «көсөмдүгү» менен Кытайга сатылып кеткен. Ал кезде да Кулов өлкөбүздүн вице-президенти болуп турган. Ошондогу вице-президент Феликс Куловдун укугу кеңири болгонун, спиртти кайра иштетүүгө жана сатууга, алтын казып алууга, металлдарды ташууга лицензия берип турган. Ошол кезде эле түрмө жыттанып турган Феликс Кулов кыргыз эли үчүн эмес, Акаев үчүн кызмат кылгандыктан мындай айыптан кутулуп жүргөн. Азыр эне тилин билбеген Кулов байлыгынын баарын уйгурларга салып бергени тууралуу сөз болуп жатат. Анын чет мамлекеттеги миллиондогон курорттук хансарайларында кайын-журту уйгурлар кожоюндук кылышып,чардап жатышат. Ушул акчалар кайдан келген?

Кулов вице-президент болуп турганда бүтүндөй темирди сатып бүтүрдү, кыргызды РЕSAK программасына айдап киргизип, анын натыйжасында нечендеген завод-фабрикалар талкаланды.

Ал эми Чүй облусунда губернатор болуп турганда Кулов чуулгандуу «Химсинтез» ишине кабылды. Кулов Бишкекте мэр болуп турганда  стационардык соода борборлорунун жүгүртүүдөгү каражаттын 15 пайызын салык түрүндө алып турганын эл унутабы? Анда коммерциялык күркөлөрдүн кожоюндарынын көздөрүнөн кан аккан. Кайда барба Кулов менен милицияда иштеген Марсел сыяктуу инилерин каргап-шилеген адамдар кезикчү.

Муну билген парламент Өкмөт башчысына өткөрбөй койгон 2007-жылы апрелдин башында Феликс Кулов бир ай Ички иштер министри болуп парламенттен өтпөй калган Өмүрбек Суваналиев менен «Бириккен, фронт» деген коом түзүп, нааразы болгондорду каршылык митингине багыттайт да, өздөрү бийлик менен соодалашып элди түйшүккө салып кете берет. «Бириккен, фронттун» желектери «Россия» кинотеатрынын артындагы ажаткананын жанында бок-жинге аралашып кала берет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости