www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги чек арадан өтүп жаткан 2 адам коронвирус менен  оорусу мүмкүн деп  ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен району жана Баткен шаары боюнча бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда,  окуч кечээ, 5-февралда Баткен районундагы «Кызыл-Бел» чек ара пунктунан, Ош облусунун Кара-Суу районунун 1983-жылы туулган тургуну С.Э. менен 1992-жылы туулган тургуну К.уулу. Э. Тажикстанга өтүп, Ленинабад шаарынан жүктөрүн терминалдан өткөрбөй койгонго байланыштуу кайра «Кызыл-Бел» өткөрүү постунан кайра кайткан мезгилде коронавируска шектелип, Баткен облустук ооруканасына жөнөтүлгөн.

Буга чейин алар 14-январда,  Кытайдын Улуу-Чат айылына барып келишкендиги такталды. Ал жактан келип, 21-январда Ош облусунан Баткенге келип, андан ары Тажикстанга кетишкен. 5-февралда кайтып келе жатышканда чек арадагы тепловизор алардын дене табы көтөрүлүп тургандыгын аныктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости