www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги ишкерди тоногон шектүүлөр Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, январь айында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында ишкерге кол салуу болгон. 7-январь күнү 52 жаштагы тургун «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнүн короосуна кирип жатканда белгисиз 3 адам кол салган. Алар таш менен унаанын арткы айнегин талкалап, салондогу акча салынган баштыкты алып кетишкен. Жабырлануучунун айтымында, кол салгандар 450 миң сомун тартып алышкан.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  (каракчылык боюнча) катталган. Ыкчам тергөөнүн негизинде кылмышка шектүүлөрдү Бишкектин аймагынан кармашкан.

Шектүүлөрдүн бири — Талас облусунун 1983-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну буга чейин 10 жолу соттолгон. Маалыматтар боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Ал эми экинчи шектүү — Баткен облусунун 1998-жылы туулган С.А. аттуу тургуну төрт жолу соттолгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканы айтылат билдирмеде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости