www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде эвакуацияланган эл үйлөрүнө жөнөтүлдү

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин тергөө топтору Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөрдү, имараттарды жана мүлктү кароо аяктаганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков келтирилген чыгымдын, жабыркаган мүлктүн так санын эсептөөдө кыйынчылыктар болуп жатканын билдирген.

Облусттук бийлик чек ара чатагынан улам үй-жайын таштап кеткендер кайтып жатканын кабарлаган. Милициянын 9-майдагы маалыматына караганда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Кыргызстандын күч органдарынын атайын бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы кабарланды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну «биринчи баштаган» жана «чек арага кирип келген» деп билдирген. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды «башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон» деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны «агрессия» деп сыпаттаган.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости