www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабулдун батышындагы балдар жана кыздар чогуу окуган мектептеги жардыруудан кеминде отуз адам каза болуп, элүүдөн ашыгы жараат алды. Көз жумгандардын көпчүлүгү 11-15 жаштагы өспүрүмдөр. Ооганстан Ички иштер министрлиги жардыруу 8-май күнү кечинде болгонун кабарлады. Милициянын маалыматына караганда каза тапкандардын саны көбөйүшү мүмкүн.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө, АКШ ооган элине колдоосун уланта берерин жана Кабулдагы мектептин жанындагы чабуулду айыптай турганы айтылат. Ооганстандын Билим берүү министрлигинин өкүлү «Reuters» агенттигине каза болгондордун көпчүлүгү экинчи нөөмөттө окуган кыздар экенин билдирген.

Ишемби күнү кечиндеги маалыматка ылайык, жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек. Талибдер окуяга тиешеси жок экенин айтып, жардырууну айыптады. Бирок, ооган президенти Ашраф Гани кол салууга талибдерди айыптап жатат.

Европа Биримдиги Кабулдагы кол салуунун айыптап, «жийиркеничтүү террордук акт» деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости