www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга кенемте республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, Бюджет кодексинин 23-беренесине ылайык, резерв каралган.

«Бүгүнкү күндө бул каражаттар бизде жетиштүү эмес. Алдын ала маалымат боюнча, кенемте төлөөгө 48 млн 700 миң сом керектелет», - дейт ал.

Кармышаков президент министрлер кабинетине кыска аралыкта гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүү тапшырмасын бергенин айтат.

«Комиссияга коомчулутан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан да адамдар кирет. Баткендеги окуядан 190 адам жабыркап, алардын 36сы каза болгону белгилүү болду. Курман болгондордун арасында эки бала жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бар. Аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө кенемте өзүнүн структурасынын бюджетинен бөлүнүп берилет», - деп айтат ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров чек арадагы окуядан набыт болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон бөлүнүп берилерин айкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости