www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамандыкта, оор сыноодо кимдин-ким экени байкалат. Вице-премьер-министр Артём Новиков Баткенде согуш чыкканда тезинен жетип барып, мамлекеттик деңгээлдеги ишмердигин, ырааттуулугун көрсөткөнүн жергиликтүү тургундар айтып беришти.

Анын кичипейилдиги, маселени тереңден түшүнөрү алкоого арзыптыр. Коогалаң учурунда жандары таттуу чиновниктер жоон топ жансакчылардын коштоосунда күтүрөп жүрүшсө, Артём мырза алардан айырмаланып, жупуну жүргөнү менен өзгөчөлөнө алды.

Эң башкысы, ал кыйын кырдаалдан чыгуунун, көйгөйдү чечүүнүн гана жолдорун издегени кубандырды. Ашыкча пиар да кылган жок. Айтор, май курсак чиновниктердин бири дагы кыргызча сүйлөгөн орус балабызга тең келе албады.

Булак: Азия News гезити

Последние новости