www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы 33 мектепте 100гө жакын окуучу коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгы аныкталган. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова брифинг учурунда маалымат берди.

Анын ичинде 12 меткеп карантинге жабылып, 21 мектепте 43 класс онлайн окутууга өткөрүлгөн.

Бул мектептердеги 32 кызматкер коронавирус менен, жетөө пневмония менен ооруп жатышат. Ал эми 94 окуучудан коронавирус илдети табылып, 10 окуучудан пневмония аныкталды.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 385 адамдан коронавирус табылды. Пандемия башталгандан тарта Кыргызстанда 97 миң 663 адамга коронавирус жуккан.

Булак:NazarNews

 

Последние новости