www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан оң рулдуу «Хонда Фит» автоунаасын сол рулдуу кылып каттагандар аныкталды. 

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, бул факты Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 329-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн адиси 1967-ж.т. Б.И. Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынганына карабастан, 2008-жылы Японияда чыгарылган ак түстөгү «Хонда Фит» автоунаасынын рулу оң жакта экендигин билип туруп, сол жакта деген маалыматтарды киргизип, автоунааны мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип, соттун кароосуна жиберилди.

Ошондой эле, азыркы учурда Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан ушундай эле факты менен дагы бир кылмыш иши тергелүүдө. Анда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан 2009-жылы Японияда чыгарылган көк түстөгү «Хонда Фит» автоунаасынын рулу оң жакта экендигине карабастан, сол жакта экендигин көрсөтүп, автоунааны мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүлгөндүгү белгилүү болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости