www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго

“Көчмөндөргө” көчүп барып жегендер!

Мен, Баткен облусундагы прокуратуранын былыктарын ачык айтууга убакыт келди деп эсептейм. Себеби, биз жашаган Кызыл-Кыя шаарындагы мурдагы Кызыл-Кыя шаарынын шаардык кеңешинин төрагасы, мамлекет уурусу, азыркы Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Маткалыков Асилбектин Баткен облустук прокуратура иш козгоп, «Көчмөндөр» оюнуна барып оптом жегендерин эл жазып далилдеген. Баткен облустук прокуратура УКМК га өткөрүп кылмыш ишти Шерипбаев Алмаз аттуу тергеп, акча жеп прокуратура жаап салган. Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилери жалаң  уголовниктерден түзулгөнгө губернатордун салымы зорбу? Анткени мамлекетти тоной алган, артында кылмыш иштери бар, былыктары артынан чуурулгандарды Ак үйдөн колдогону бар үчүн кылмышкерлер жетекчи болуп, дагы эле мамлекетти тоногонго шарт  түзүп берип жатабыз.

Менин кайрылуумдун себеби, Баткен облусунда уголовник жетекчилер кыйрап кетти, айрыкча Кызыл-Кыя шаарында.

Урматтуу, Өткүрбек Жамшитов! Кызыл-Кыя шаардык кеңештин депутаттары жана экс-төрагасы, азыркы Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Маткалыков Асилбектин Көчмөндөргө барып, барбагандарга да “барды”, деп акча жеп Өкмөттү тоноп жегендердин үстүнөн кылмыш иши козголгон, бирок Баткен облустук прокуратура акчаны кустуртуп, жазага тартыштын ордуна чоң кызматка жайгаштырды.

Бул жетекчилерге кайрылсак этикага таянбай «Өкмөтүңдү, президентиңди уруп ойнобойм, эмнеге Ак үйгө, баари-бир мен чечем» деп элди кууп чыгат. Биз Апсамат Масалиевдей жөнөкөй инсандарга суусап турабыз. Акчалуу уголовниктерден чарчадык.

Узакова Ирсалат Шарапидиновна, Баткен облусу

0779 43 55 95

Булак: NazarNews.kg

 

     

Последние новости