www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажиктер БТР менен жеңил унааны ичиндеги жаш бала менен кошо сүздүрүштү. Бул тууралуу Баткен облусунун тургуну Бишкектеги ооруканалардын бирине айтып берген.

--“Головнойду” басып алыптыр деген кабар тарады. Биз угуп эле сактап калалы деп жөнөдүк. Барсак, чын эле тажиктер кошуналар келип, колунда куралы жок чогулган балдарды аткылап башташыптыр. Бир маалда колума ок тийип, фонтандай эле кан атып кетти. Токтобойт, аябай коркуп кеттим. Ошол жактагы балдар колумду катуу таңып коюшту. Бир убакта Баткенге жөнөп жаткан бир унаага отургузабыз деп аракет кылышты. Бирок “мен аягына чейин турам” деп көнбөй койдум. Көп өтпөй мен отурбай койгон лексусту тажиктердин  БТРи сүзүп, ичиндеги айдоочусу жап-жаш бойдон кете берди. Өмүрүм бар экен аман калдым”, - дейт үшкүрүнүп Бишкектеги ооруканага келген Баткендик бир жаран.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости