www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“ЖККУнун колунан эч нерсе келбей турганы айкын көрүндү. Мындай пикирди саясат таанучу Эмил Жураев кыргы-тажик окуясы тууралуу маек куруп атып билдирди.

--“Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) боюнча буга чейин деле көп суроолор пайда болуп келген. Бирок акыркы окуядан улам, бул уюмдун колунан эч нерсе келбей турганы айкын көрүндү. Көрсө, бул уюмдан кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарды күтүүдөн алыс болушубуз керек экен. Бирок түшүнө турган адамдар бул уюмдун кандай экенин буга чейин деле түшүнүшү керек эле. Ал болгону үстөмдүк кылып турган бир мамлекеттин геосаясий кызыкчылыктарынын негизинде түзүлгөн саясий уюм экени эми даана ачыкталды. Бирок ушуну да моюнга албай келе жатып, азыркыдай кырдаалга келгенибиз анын кемчиликтерин даана көрсөтүп койду”, - дейт талдоочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости