www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Сапар Исаковдун Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев аймактын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле, 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аймактын 202 айылынын 30у гана интернет-байланыш менен камсыздалган. Жалпы облусту Интернет менен камсыздоо үчүн болжол менен 60 млн сом керектелет. Мындан тышкары, 42 айылда мобилдик байланыш жок.

Аталган облустагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салимжан Хамрабаев аймакты өнүктүрүү программасы, ирригациялык тармактарды, тамак-аш өнөр жайын, эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү жана калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Эске салсак, бул облустун аймагында 3 район, 6 шаар, 3 шаарча (Восточный, Cовет, Чабай) жана 189 кыштак, 30 айыл өкмөтү бар. Облустун борбору – Баткен шаары. Аянты 17,0 миң чарчы километр же республиканын аймагынын 8,5%ын түзөт. Калкы 492,6 миң (2016) же республиканын калкынын 8,0%ын түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости