www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек арадагы атышууда Баткендин кээ бир жерлеринде интернет байланышы кыйрады. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.
Анын айтымында, айрым жерлерде интернеттин күчү 2G болуп калды.
“Учурда тиешелүү кызматкерлерибиз калыбына келтирүү иштерин аткарууда. Акыркы маалыматка караганда, 2-3 айылда интернет калыбына келди. Белгилей кетсек, атышуу болгон жерлерде гана интернет байлыныш үзгүлтүккө учураса, калган жерлерде бул багытта мүчүлүштүк жок”, - дейт ал.
Мамбеткадыров Баткенде MegaCom компаниясы тарабынан интернет бекер берилип, жергиликтүү жарандар жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, куралдуу кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти.
Буга чейин чек арадагы атышуудан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери каза болгону айтылган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп экенин айткан.
Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg