www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендин эвакуация болгон айылдарында милиция кызматкерлери тарабынан кайгуул уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурланбек Исмаилов түз эфир учурунда билдирди.
Анын айтымында, 14-сентябрдан баштап өлкөнүн түштүк аймагындагы күч түзүмдөрүнүн баары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.
“Бүгүнкү күндө Баткенде коомдук тартип жана коопсуздук толук ички иштер органдарынын көзөмөлүндө. ӨКМдин кызматкерлери менен бирге жарандарды эвакуациялоо иштери жүргүзүлдү. Эвакуация болгон айылдарда милиция кызматкерлери тарабынан кайгуул уюштурулду. Жарандардын үй-мүлкүн тонотпой, өрттөтпөй кайгуул кылууда”, - дейт ал.
Эске салсак, куралдуу кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти.
Буга чейин чек арадагы атышуудан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери каза болгону айтылган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп экенин айткан.
Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg