www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргыз жоокерлери кубаттуу болгон үчүн атайын даярдык менен келген душмандардын мизин кайтарып, артка чегинтип койду", - деди бүгүн, 17-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов.
- Руслан мырза, мекен чегинде жүргөн кыргыз армиясы катылгандын катыгын берет, мекенибизди коргойт деп ишеним артсак болобу?
- Армиябыз Кудайга шүгүр, кубаттуу. Ошон үчүн атайын даярдык менен келген душмандардын мизин кайтарып, артка чегинтип койду. "Эр жигит, эл четинде жоо бетинде" дегендей биз кыргыз жоокерлерибизге ишенебиз. Алар кырдаал оорлошуп кетпесин, тынчтык орносун деген тилек менен өтө катуу чабуулга өтпөй жатышат.
Мекенди коргоп, мекен чегинде жүргөн кыргыз армиясына, кыргыз жоокерлерине күч-кубат, кайраттуулук, ден-соолук, эрдик, каалайм!
Эске салсак, куралдуу кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти.
Буга чейин чек арадагы атышуудан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери каза болгону айтылган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп экенин айткан.
Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg