www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги Зардалы айылы электр энергиясы менен камсыздалат. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

 "Улуттук энергохолдинг" мекемесинин төрагасы Айтмамат Назаров жана "Ош электр" ишканасынын директору Артур Жусуев Зардалыга барып, жер менен таанышкан соң айылдыктарга электр энергиясын жеткирүү тууралуу маселени талкуулашкан.

Жыйынтыгында "Ош электр" ишканасы тарабынан 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 чакырым болгон электр чубалгысын куруу маселеси негизги багыт катары каралган.

Ошондой эле Зардалы айлында бардык үйгө 0,4кВ чубалгысы жана эки даана көмөк чордону курулат. Мындан сырткары, айылдан төрт чакырым алыс жайгашкан чек ара бөлүкчөсүнө бир көмөк чордону коюлуп, 0,4 кВ чубалгы тартылат. Алар "Ош электр" ишканасы тарабынан толук электр энергиясы менен камсыздалат.

Зардалы айылынын жашоочуларына электр жарыгы келгенге чейин күн нурунан кубат алып жарык берүүчү 20 даана батарея тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости