www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчугандыгын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришкен эле.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлери Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн бир тараптуу тосуп алгандыгы айтылды.
«Чыр-чатактын чыгышына жол бербөө максатында Баткен чек ара отрядынын башчысы, полковник Рустам Миршакиров жерине жөнөп кетти. Баткен облусундагы чек аранын бул тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү», – деп айылат мекеменин билдирүүсүндө.
Так ушул тапта Баткен чек арасында ок чыккандыгын NazarNewsка, жергиликтүү тургундардын бири Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүндө ок атышуу башталганын билдирди.
Эске сала кетсек, 29-апрелде чек ара жаңжалындагы куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болуп 189 тургун жаракат алган. Ошондой эле, 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.
Булак: NazarNews.kg