www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун тажрыйбасыз, кашаң кадр экенине чек арадагы атышуудан кийин ынандыңарбы?

Алдыртан чыңалып турган кырдаалды басууга жан үрөп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болмок да. Тилекке каршы, ок жаңылып атканда Мадумаров жылуу кабинетинде отурганы кандай? Костюм-шым кийип зыңкыйып жүрсө эле маселе чечет деп ойлогондор эми жаңылды го! Эл жүгүн аркалай албаган мындай “сылаң корозду” кармап туруунун канчалык зарылдыгы бар?

“Эшегине жараша тушагы” дейт. Ал эми Баткен ОИИБнин жетекчилигине жакында барган Акылбек Мамасейитов да чала сабат, шойкомдуу, шектүү, пулдун артынан чуркаган “кызыл шапкечен” экени жалганбы? Бул эргул убагында Бишкек шаарындагы “Мэри” кафесинен ичип алып чаң салганы, пивонун бөтөлкөсү менен каршылашынын башын кашайта жарганы, жыйынтыгында, кылмыш иши козголгону боюнча маалымат ЖМКларга чыкпады беле? Акыры акчанын күчү менен ишин жаптырып, карьералык секирик жасап жүргөнү калппы? Кийин Мамасейитов Жалал-Абад ОИИБнин начальниги болуп, шалаакылыгы жана ишинде кетирген катачылыктары үчүн кызматынан айдалганын кайда жашырабыз?

Кыскасы, күйгүзө турган суроолор көп. Айтор, Кыргызстандагы эң кооптуу Баткен облусуна эптемей жетекчилерди чаптай берип, аягы мамлекеттүүлүккө балта чаап албайбызбы? Өкмөттүн өлүмсүк саясаты кайда алпарат? Ойгонолу, ойлонолу, эртең кеч болуп калат, - дейт "АЗИЯnews" гезити.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости