www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондондогу Хитроу аэропортунда 2 полиция кызматкерин мас болуп алып сабаган Дайана Андреас Ривера аттуу испаниялык балерина 2 айга абакка кесилди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, окуя август айынын башында болгон. Полиция кызматкерлери мас абалда болгон 33 жаштагы Андреас Ривераны аэропорттон чыгып кетишин талап кылышкан. Бирок, балерина алардын талабын аткарбай койгон жана ал тургай ал полиция кызматкерлерин уруп салган.

Кийин бул кылыгы үчүн балерина полиция кызматкерлеринен кечирим сураган, бирок, бул аны абактан сактап калган жок. Балерина 2 айга абакка кесилгенден сырткары, абактан чыккандан кийин да ага бир жыл бою сахнага чыгууга тыюу салынды.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости