www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенге чыр-чатактын күчөп кетишин алдын алып, кырдаалды турукташтыруу үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев барды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган аймагындагы кырдаал азыркы учурда туруктуу деп мүнөздөлөт.

Эске салсак, кечээ, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп баштаганда, кыргыз чек арачылары тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап баш ийбей кайым айтышканда, эскертүү катары асманга ок атылган. Ошондон кийин түтүк өткөрүү иши токтотулуп, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатышкан.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости