www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусуна гуманитардык жардам ташууга жана жарандарды эвакуациялоого 65 тонна дизель майы бөлүнгөн. Бул тууралуу ӨКМдин жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Айткулов түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 65 тонна дизель отундун 33 тоннасынан ашыгы Баткенге жеткирилди.

“Ал жарандарды эвакуациялоого, гуманитардык жардамды жеткирүүгө жана кырдаал турукташканда калкты кайра үйлөрүнө жеткирүүгө багытталат”, - дейт ал.

Айткулов белгилегендей, акыркы маалыматтарга караганда, Баткенге жалпы 164 тонна 846 кг гуманитардык жүк чогулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости