www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17-сентябрь саат 16:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 122 кишиге жетти.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жети жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, куралдуу кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти.
Буга чейин чек арадагы атышуудан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери каза болгону айтылган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп экенин айткан.
Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg