www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кримавторитет Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча жалгыз Алмазбек Атамбаев гана 11 жыл 2 айга эркинен ажырашы коомчулукта ача пикирлерди жаратты. Күч органдары, сот баш болуп, бийликтин бейнесине көө жаап атканы ушулбу? Эмне үчүн башка фигуранттар жаза албай, же «суудан кургак» чыгышууда?
Маселен, дал ушул кылмыш ишине шектелген Индира Жолдубаева 2013-жылы президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеген. Ага 5 миллион сом айып пул салынып, чин-даражасынан ажыратылды. Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза колдонулган жок. ЖАМК төрагасынын 11-мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев 2 жыла кесилип, жазасын өтөп койгондугуна байланыштуу сот залынан эркиндик берилди. Айтор, Атамбаев менен кошо соттолгон буларга «ооз учунан» жаза берилгенине күбө болдук.
Ал эми Бусурманкул Табалдиев (качып кеткен), Шамил Атаханов, Аида Салянова, Зарылбек Рысалиев ж.б. экс-чиновниктерге тергөө менен кызматташканы боюнча жеңилдиктер каралып, «камырдан кыл сууругандай» образды жаратышты. Кыскасы, Атамбаевден башкасы ар кандай амалдар менен кутулуп кетишкен соң, Батукаевдин иши бир гана адамды «сындырууга» багытталган беле?..
Булак: АЗИЯnews